Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн тургундары менен мындан аркы аракеттерди аныктоо боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү имараттар эки жылдан бери Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө турганын билдирди. Бул мезгилде имараттардын техникалык абалы начарлап, алар учурда авариялык абалда.
Мэр ошондой эле үй ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу батирлер берилээрин, айырмасын жеңилдетилген шарттарда төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Мүлктү баалоо пландаштырылып, ар бир ээси менен жеке консультациялар уюштурулуп, тиешелүү келишимдер түзүлөт.
Коммерциялык жайлар турак жайлар менен бирдей каралат.
Эгерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталса, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Ошондой эле, имарат бузулууга тийиш экенин жана андан кийин жер тилкеси муниципалдык менчикке өтөөрү белгиленди. Аны келечекте пайдалануу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Бул тилкеге 14төн 18 чарчы метрге чейинки болжол менен 350 батирди камтыган №18, 20 жана 22-үйлөр кирет.
Алардын ичинен 38 батир муниципалитетке таандык.
КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бул имараттар эки жылдан бери анын көзөмөлүндө. Бул мезгилде имараттардын техникалык абалы начарлап, учурда алар авариялык абалда.




