Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти  МЖӨ борбору менен биргеликте "Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсү, 17А дарегиндеги теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча тендер жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.

Долбоор заманбап спорттук инфраструктуранын стандарттарына жооп берген жабык, жыл бою иштей турган теннис комплексин реконструкциялоого жана курууга, дене тарбия жана спорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүүгө багытталган. Бул шаардын спорт борбору катары имиджин жогорулатат.

Сынакка катышуу үчүн арыз формасын төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://docs.google.com/document/d/1pmQ0v2fbfdNkFtrDD-piSimUpH0yOmaI/edit?usp=sharing&ouid=105564853597665327012&rtpof=true&sd=true 

Сынакка катышуу үчүн арыз салынган конвертти тиркелген документтер менен бирге төмөнкү дарекке тапшырса болот: Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, Жибек-Жолу проспектиси, 328, же болбосо курьердик кызмат аркылуу, почта аркылуу 2026-жылдын 12-майында саат 18:00дөн кечиктирбестен (майрам күндөрүн кошо алганда) кабыл алынат.

Долбоор боюнча суроолоруңуз болсо, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментине  0700 720 730 телефону же МЖӨ борборуна 0312 30 01 76 телефон номери  аркылуу кайрылыңыз.