Бишкек шаарында сейил бактарда жана аянттарда орун бөлүштүрүү тартиби муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча учурдагы мыйзамдар менен жөнгө салынат.
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 60 токтому менен бекитилген муниципалдык менчиктеги кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү башкаруунун тартиби жөнүндө Жобого ылайык, соода жана көңүл ачуу ишмердүүлүгү үчүн объекттерди жайгаштыруу эрежелери каралган.
Тактап айтканда:
* Сейил бактарда жана скверлерде аянты 5 чарчы метрге чейинки стационардык эмес жана көчмө соода жана көңүл ачуу объекттерин жайгаштыруу үчүн орундар түз берүү жолу менен берилет.
* Жайгаштыруунун негизи болуп объекттердин так жайгашуу орундарын аныктаган бекитилген чийме (схема) эсептелет.
Чийме төмөнкүлөрдү камтыйт: объекттердин тизмеси, алардын саны, түрлөрү жана жайгаштыруу формалары.
Бул документ шаардык администрациянын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жашыл аянттарды сактоо талаптарын, ошондой эле сейил бактарда, гүл бакчаларда, аллеяларда жана башка аймактарда көрктүү жана түстүк шайкештикти эске алуу менен иштелип чыгат.
Объекттерди жайгаштыруу планы мэриянын жашылдандыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып, жылына бир жолу атайын комиссия тарабынан бекитилет.
Белгиленген эрежелердин сакталышын контролдоо Бишкек шаарынын райондук администрациялары тарабынан жүргүзүлөт. Бул максатта туруктуу негизде рейддик текшерүүлөр өткөрүлөт. Эгер келишимдин пункттарынын бузулушу же бекитилген дизайн-кодго туура келбөө аныкталса, тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан объекттерди демонтаждоого чейин чаралар көрүлөт.
Муниципалитет ишкерлерди белгиленген талаптарды сактоого жана объекттерди атайын каралган жерлерде гана жайгаштырууга чакырат. Бул шаардагы сейил бактар менен гүл бакчалардын көрктүүлүгүн жана эстетикалык көрүнүшүн сактоого өбөлгө түзөт.


