Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг менен жолукту.
Сапардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгынын муниципалдык деңгээлдеги учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Содном Ганхуяг акыркы эки жылда Бишкек шаарынын ыкчам өнүгүп жатканын белгилеп, пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, ал Улан-Батор шаарында көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү пландалып жатканын билдирди.
Монголия Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү өнөктөш экени, ал эми Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын ортосундагы кызматташтык муниципалдык деңгээлде өнүгүп жатканы белгиленди.
Эки өлкөнүн тарыхый-маданий жакындыгынын далили катары борбор калаадагы көчөлөр менен тилкелердин аталыштары, анын ичинде Дамдин Сухэ-Батор атындагы көчө, ошондой эле Монгол жана Дархан тилкеси мисал катары келтирилди.






