2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагынын бир тилкесин алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Аталган тилкеде, Гоголь көчөсү №57 административдик имаратынын маңдайында, диаметри 2Ду150 мм болгон, узундугу 26 метрге жеткен жылуулук тармагы жайгашкан. Бул тармак 1974-жылдан бери пайдаланылып келе жатат жана бүгүнкү күндө техникалык абалы канааттандырарлык эмес.
Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 25-мартынан тартып «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы бул тилкедеги жылуулук тармагын алмаштыруу үчүн жер казуу иштерин баштады. Иштер жүргүзүлүп жаткан мезгилде бул тилкеде автоунаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жылытуу мезгилинде мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана кийинки жол оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзөт.
Иштер аяктагандан кийин «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жана Свердлов райондук администрациясы тарабынан Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөлөт.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.