Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Биринчи май районундагы Кожомкул спорт сарайында иштер башталды.
Бүгүн бассейн курула турган аймакта демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда атайын техникалар, анын ичинде эки экскаватор жана 16 HOWO иштеп жатат.
Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.
Оңдоп-түзөө иштери имараттын инфраструктурасын жаңыртууга жана спортту, анын ичинде суу спортун өнүктүрүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Долбоорго жаңы бассейн куруу кирет, бул машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана борбор калаанын тургундары үчүн спорттук инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.
Иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.


