Борбор калаада Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы Консультативдик кеңештин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга уюштуруу, укуктук жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Аманалиев, Департаменттин ишмердүүлүгүн координациялаган Бишкек шаарынын мэриясынын адиси, ошондой эле жаштар саясаты багыты боюнча Департаменттин адистери жана Консультативдик кеңештин мүчөлөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылга карата иш-пландар кеңири каралып, талкууланды. Өзгөчө көңүл жаштар саясатын өнүктүрүүгө, жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды кеңейтүүгө бурулду.
Мындан тышкары, жаштар менен иш алып баруу тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, жаштар демилгелерин колдоо, ыктыярчылык кыймылды өнүктүрүү, жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана алардын коомдук турмушка катышуусун жогорулатуу маселелери өзүнчө каралды.
Ошондой эле Консультативдик кеңештин өкүлдөрү 9-апрелде Жалал-Абад шаарында өтө турган «Кыргызстан жаштары – 2026» республикалык иш-чарасына катышары белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүү зарылдыгы баса белгиленди.


