2026-жылдын 25–27-март күндөрү Бишкек шаарында оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн мелдеш залынын базасында мектептин ачылганына 15 жыл толгондугуна арналган ОРАБӨМдүн биринчилиги өткөрүлдү.

Мелдешке 2012-жылы туулган жана андан кичүү өспүрүмдөр, 2009–2011-жылдары туулган улуу өспүрүмдөр, 2006–2008-жылдары туулган жаш балдар, ошондой эле 2006-жылы туулган жана андан кичүү кыздар катышты.

Турнирди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментине караштуу оор атлетика боюнча ОРАБӨМ уюштурду.

Мелдештин негизги максаты — Кыргыз Республикасында оор атлетиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Турнирге өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген командалар катышты: Ош, Манас, Нарын, Каракол, «Ынтымак» ОРАБӨМ, Ш. Сыдыков атындагы РСК, Орловка (Чүй облусу), Талас, Бишкек шаарындагы оор атлетика боюнча ОРАБӨМ жана Казарман.

Жалпысынан мелдешке 200гө жакын спортчу катышты. Бишкек шаарындагы оор атлетика боюнча ОРАБӨМ командасы 76 спортчудан түзүлүп, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, жалпы 36 медаль багындырды: 8 алтын, 17 күмүш жана 11 коло.