Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитация иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу, төрт автобус каттамынын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.

Урматтуу шаар тургундары, убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарыңызды алдын - ала пландап алууну сунуштайбыз.

Кыймыл чийме