Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы тарабынан Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз объектти демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотуп алышкан.

Аталган объект буга чейин да башкармалык тарабынан демонтаждалган, бирок кийинчерээк тосмо кайрадан орнотулган.

Ушуга байланыштуу демонтаждан кийин конструкциялар алынып, айып короосуна жеткирилди. Ээлери аларды айып пулду жана демонтажга кеткен чыгымдарды төлөгөндөн кийин алып кете алышат.

Муниципалдык аймакта мындай объекттерди кайрадан орнотууга жол берилбейт.