«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде жол катмарын капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.
Иштердин жүрүшүндө жаңы технология — атайын техника «ресайклер» колдонулууда. Бул жол катмарынын сапатын жогорулатып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.



