Бишкек шаарынын мэриясы   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулу тарабынан 2026-жылдын 1-апрелинде парламент жыйынында айтылган «Нуркожо» конушунда  коомдук транспорт жок деген маалымат чындыкка дал келбээрин билдирет.

Бүгүнкү күндө «Ак-Бата» конушунун  акыркы аялдамасына чейин жана «Нуркожо» конушунун  башына чейин №23 жана №77 автобус каттамдары, ошондой эле №117, №128 жана №185 кичи автобустар (маршруттук каттам )каттап турат. Аталган каттамдар жакын жайгашкан аймактардын тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Бирок, азыркы учурда «Нуркожо» конушунун  ичине түздөн-түз коомдук транспорт каттамдарын киргизүү мүмкүн болбой жатат. Муну менен катар, тургундар коомдук транспортко жетүү үчүн 1,5–2 чакырым аралыкты жөө басууга мажбур деген маалымат туура  эмес.

2026-жылдын 20-мартында тиешелүү кызматтардын жана транспорт тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүп, анын алкагында «Нуркожо» конушундагы  транспорттук тейлөөнү жакшыртуу маселелери каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты учурдагы абал тууралуу маалымдалганына карабастан, коомчулукту адаштырып, туура эмес маалыматтарды таратууда.

Бишкек шаарынын мэриясы бул маселе боюнча тиешелүү материалдарды Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жөнөтүү укугун өзүнө калтырат.