Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын  алкагында транспорттук жол түйүнүнүн курулушу аяктаганын текшерди.

Тактап айтканда, Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги транспорттук жол түйүнүн куруунун алкагында Бакаев көчөсүнүн Л. Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө курулуш иштер аяктап,  (Ала-Арча каналынын батыш жээги менен) ачылды.

Ошондой эле транспорт агымдарын жөнгө салуу, тыгындарды азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл киргизилди:

Атап айтканда:
•Бөкөнбаев көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан батыш багытта Асаналиев (Некрасов) көчөсүнө чейин;
•жаңы ачылган Бакаев көчөсү — Бөкөнбаев көчөсүнөн түштүк багытта Лев Толстой көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, Лев Толстой көчөсүнө чыгуу камсыздалды. Жол эки тилкелүү кыймылда уюштурулган.

Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участоктун убактылуу жабылышына байланыштуу, жаңы жол бөлүгү түштүк багытта унаа кыймылы үчүн ачылды.

Экинчи этапта Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин узартуу жана көпүрө куруу пландалууда.

Бул участоктун ачылышы жакынкы көчөлөрдөгү транспорттук жүктөмдү азайтууга, жол тармагынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары менен конокторунун жүрүүсүн кыйла ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк түзөт.