Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнүн кечигүүсүнө байланыштуу Жукеев-Пудовкин көчөсү, 41а дарегинде жайгашкан оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин жаңы мелдеш залынын имаратын барып көрдү. Учурда объект пайдаланууга бериле элек.
Бул объект Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулган. Спорт залдын жалпы аянты 568 чарчы метрди түзөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы объектти пайдаланууга берүү мөөнөттөрүнүн кечигүүсүнө нааразычылык билдирип, материалдарды укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн өткөрүп берүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган объект 2025-жылдын 31-августунда расмий түрдө ачылганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.




