Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Сагымбай Манасчы көчөсүндөгү иштин жүрүшүн текшерди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн боюндагы муниципалдык жерлерди тазалоо иштерин улантууда.
Текшерүү учурунда мэр жылуулук электр борборунун тейлөө каналына көпүрө куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. Ошондой эле, бузулган курулуштардын ордуна каналдын боюнда сейилдөөчү жай болорун белгиленди. Мэр коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Андан тышкары, текшерүү учурунда мэр "Жасмин" кафесинин ээси менен жолугуп, ал мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү каалоосу бар экенин билдирди.
"Сунушуңуз үчүн рахмат, бирок бул курулуштар бузулууга тийиш. Эгерде биз бизнеске бул курулуштар иштебеши керектигин айтсак, анда муниципалитеттин аларды колдонууга укугу жок". Имарат сууну коргоо зонасында жайгашкан жана учурдагы мыйзамдар аны ишкерлерге да, муниципалитетке да колдонууга тыюу салат", - деп белгиледи мэр.
Бүгүнкү күнгө чейин 11 курулуш бузулган, анын ичинде 4 туруктуу имарат, 6 жеңил типтеги курулуш жана гараж бар. Бул курулуштар боюнча иштер толугу менен аяктады.
Учурда калган төрт курулушта, анын ичинде "Жасмин", "Веранда" жана "Малик" тез тамактануу жайында иштер жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: ушул жылдын биринчи чейрегинде Башкармалык 1744 курулушту бузуу менен 61 901 чарчы метр муниципалдык жерди бошоткон.








