Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ахунбаев көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Булки» рестобарынын имаратын барып көрдү.
Буга чейин аталган имарат муниципалдык менчикке акысыз негизде өткөрүлүп берилген. Имараттын жалпы аянты 900 чарчы метрди түзөт.
Шаар мэри объектти жеке өзү карап чыгып, текшерүүнүн жыйынтыгында учурдагы ижарачыларды чыгаруу жана имаратты маданий борбор катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жайда коомдук тартипти бузуу фактылары, анын ичинде жаңжал учурлары бир нече жолу катталган.
Жаңы аянтчада шаар тургундары үчүн көргөзмөлөрдү, мастер-класстарды, билим берүүчү жана коомдук маанидеги иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.


