Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө текшерүүнүн алкагында учурда иретке келтирүү жана мыйзамсыз жайгаштырылган объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жаткан «Кудайберген» базарына чектеш аймакты кыдырды.
Текшерүү учурунда шаар башчысы Патрис Лумумба көчөсүндөгү аймактын абалына нааразычылыгын билдирди. Айрым жер тилкелери көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн берилгенине карабастан, иш жүзүндө максатсыз пайдаланылып жатканы аныкталды: тосмолор орнотулуп, авто тетиктер, дөңгөлөктөр жана башка буюмдар жайгаштырылган.
Мэр чарба жүргүзүүчү субъектке айып пул салууну, ошондой эле мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерди бошотуу боюнча чара көрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, ал орнотулган күркөлөрдү демонтаждоону жана турак жайдын жанындагы жашыл аймакты ачып берүүнү милдеттендирди. Ошондой эле короодогу жер тилкесинин мыйзамдуулугун текшерип, тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү тапшырмасы берилди. Аймакта санитардык нормаларды жана эрежелерди бузган объекттер да бар экени белгиленди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулуна сөгүш жарыялап, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысын кызматтан бошотууну тапшырды.





