Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жолдорду оңдоо жана жакшыртуу иштери жүрүп жаткан Кронштадская жана Месарош көчөлөрүнө барды.

Кронштадская көчөсүндө калыбына келтирүү иштери боюнча төмөнкүлөр пландаштырылууда:
* эки катмар асфальт төшөө;
* сугаруу системасын куруу;
* жаңы тротуарларды орнотуу.

Жолду оңдоону "Мостдорстой Групп" ЖЧКсы жүргүзүп жатат, ал эми тапшырыкчы - Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти.

Көчөнүн узундугу 1, 100 км, ал эми жолдун туурасы 12 метр. Жолдон тышкары, жолдун эки тарабына тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар орнотулат. Курулуш аяктагандан кийин, көчөнүн жалпы туурасы 16 метрден 20 метрге чейин болот, бул айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жол жүрүүнү камсыздайт.

Фучик көчөсүнөн Профсоюзная көчөсүнө чейинки Мессарош көчөсүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдолгон участоктун жалпы узундугу 1350 метрди түзөт. Иштерди «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы жаңы технология жана атайын техника — ресайклерди колдонуу менен аткарууда. Бул жолдун сапатын жогорулатып, анын пайдалануу мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.

Мэр шаар тургундарынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык иштер тыкыр көзөмөлдөнүп, белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин баса белгиледи.