Бишкек шаарынын мэриясынын "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 31-мартында Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык унаа токтотуучу жайларга акы төлөө системасын өзгөртүүнү, андан соң автоматташтырылган чечимдерди киргизүүнү караган токтом долбоорун жактырганын билдирет.

Аны менен катар бүгүнкү күндө тарифтерде эч кандай өзгөрүү болбогонун, унаа токтотуучу жайдын акысы мурдагыдай эле 25 сомду түзөрүн баса белгилейбиз. Учурда система кадимки тартипте иштеп жатат. Тагыраагы, чек берүү аркылуу төлөө, аны атайын форма кийген контролерлор көзөмөлдөйт. Ошондой эле QR-код системасы аркылуу да накталай эмес төлөм жүргүзсө болот.

Жаңы системаны киргизүү 2026-жылдын июнь айынан тартып башталат жана этап-этабы менен жүргүзүлөт. Реформанын алкагында автоматташтырылган системага өтүү, шаардын унаа токтотуучу жайларын так зоналарга бөлүү пландалууда.

Жаңы системанын алкагында Бишкек төмөнкү тарифтик зоналарга бөлүнөт:

1-зона (шаардын борбордук бөлүгү, анын ичинде базарлар жана соода борборлору, Ахунбаев көчөсү — Жибек Жолу проспектиси жана Фучик көчөсү — Т. Айтматов көчөсү):
- алгачкы эки саат үчүн 50 сом;
- кийинки ар бир саат үчүн 10 сом.
Иштөө убактысы: 08:00дөн 20:00гө чейин.

2-зона (шаардын калган бөлүгү):
- алгачкы эки саат үчүн 30 сом;
- кийинки ар бир саат үчүн 10 сом.
Иштөө убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн мезгилге чейин бардык айдоочулар үчүн муниципалдык унаа токтотуучу жайларды пайдалануунун мурдагы шарттары сакталат жана төлөм учурдагы тариф боюнча жүргүзүлөт.