2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө.
Форум саат 10:00дөн 17:00гө чейин пленардык жыйын форматында уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын жана өлкөнүн жети облусунун өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан 800гө жакын адам — чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, окумуштуулар, маданият, искусство жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Форумдун негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, руханий мурастарды жайылтуу жана коомдун интеллектуалдык потенциалын бириктирүү.
Форумдун алкагында улуттук идеология, маданият, билим берүү, медиа, тил саясаты жана руханий өнүгүү маселелери активдүү талкууланууда.
Катышуучулар докладдар менен чыгып, өлкөнүн маданий-руханий өнүгүүсүнө багытталган сунуштарын сунуштап, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундарды тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүшүүдө.
Иш-чарага мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, журналисттер, маданият өкүлдөрү жана коомдук активисттер да катышып, өз ойлорун жана демилгелерин бөлүшүүдө.
Форумдун жыйынтыгында сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдонуп, маданий-руханий өнүгүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашыруу күтүлүүдө.








