Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, суу коргоо зоналарынын жээктеринде жерди пайдаланууга укук тастыктоочу документтер жок.

Октябрь райондук прокуратурасынын талаптарын аткаруунун алкагында 12-кичи район, Каралаев көчөсү, 62/6 дарегинде жайгашкан объекттердин ээлерине (Ашкана, Фермер дүкөнү, Беш манты, Мастер шаурма жана Жираф кофейнясы) түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында объект ээлери өз ыктыяры менен демонтаж иштерин башташты. Учурда кошумча курулуштардын 250 погон метрден ашуун бөлүгүн демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, буга чейин «Ориенталь» кафесинин мыйзамсыз курулган кошумча бөлүгү демонтаждалган. Ал тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз Аламедин дарыясынын үстүндөгү муниципалдык жерге курулган. Курулуштун өлчөмү туурасы 9 метр, узундугу 27 метр болгон.

Иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгы тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын негизинде жүргүзүлүп, аймакты талапка ылайык келтирүүгө жана суу коргоо зонасынын эрежелерин сактоого багытталган.