Бишкек шаарынын мэриясы «Адилет» конушунда  ичүүчү суунун убактылуу жоктугуна байланыштуу кырдаалды түшүндүрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улукбек Карыбек уулун жарандарды адаштырган такталбаган жана популисттик маалыматтарды жайылтууга жол берилбестигине көңүл бурууга чакырат.

Бүгүнкү күндө мэриянын тиешелүү кызматтары суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча комплекстүү жана этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. Долбоор бекитилген иш-чаралардын жана белгиленген графиктин негизинде ишке ашырылууда.

«Адилет» конушунун  тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2026-жылга долбоорлоо-изилдөө иштери каралып, титулдук тизмеге киргизилген. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан техникалык шарттар алынган жана мындан аркы иштер колдонуудагы нормативдерге ылайык жүргүзүлөт.

Эске салсак, «Адилет» конушу административдик-аймактык реформанын алкагында Свердлов районуна кошулган.

Муниципалитет бардык иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын жана шаардык кызматтардын туруктуу көзөмөлүндө экенин баса белгилейт. Ошондой эле «Ак-Жар» жана «Нуркожо» конуштары  2026-жылга титулдук тизмеге киргизилип, долбоорлоо иштеринен кийин суу менен камсыздоо системаларын куруу каралган.

Бишкек шаарынын мэриясы ЖК депутаты Улукбек Карыбек уулун коомчулукту адаштырган такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууга чакырат.