Мэр Айбек Джунушалиев «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузулуучу көчөттөрдү көрдү.

Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 000 даана көчөт алып келинген. Бүгүнкү күнгө чейин 30 000 даана  дарак көчөтү отургузулду.

Мэр иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча инфраструктураны жакшыртуу, питомниктин кызматкерлери жана келген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, эс алуу зоналарын уюштуруу жана бул жайды өзгөчө «экинчи Ботаникалык бакка» айландыруу белгиленди.

Ошондой эле көчмө жыйындын алкагында шаар боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ишканага 12 даана жаңы атайын техника берилди. Алардын катарына автокран, кичи-экскаватор, фронталдык жүктөгүч, экскаватор, манипулятор жана газондорду тейлөөгө арналган техника кирет.