Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы бизнес үчүн жаңы санариптик сервистин ишке киргизилгенин маалымдайт.
Эми «MBusiness» мобилдик тиркемесинде, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу муниципалдык менчик үчүн ижара акысын онлайн төлөө мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды. Колдонуучулар төлөмдөрдү алыстан — тез, ыңгайлуу жана банк бөлүмдөрүнө барбастан жүргүзө алышат.
Белгилей кетсек, төлөмдөрдү жүргүзүүдө кардарлардан комиссия алынбайт.
Бул функционалдын ишке киргизилиши ишкерлердин муниципалдык кызматтар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө, төлөмдөрдүн ачыктыгын жогорулатууга жана шаардык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
МП «Санариптик технологиялар борбору» электрондук сервистердин тизмесин кеңейтүү жана санариптик кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иштерин улантат.
