Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы тургундар турак жай маселеси боюнча мындан аркы чечимди өз ара макулдашып алышы керектигин белгиледи.

«Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү оңдоп, талапка ылайык абалга келтирүүнү тандайсыздарбы – ошону тактап алышыңыздар керек», – деп баса белгиледи мэр.

Тургундар бардык менчик ээлери менен кеңешкенден кийин жазуу жүзүндө жооп берерин билдиришти.

«Сиздер өзүңүздөр Президентке кайрылгансыздар, ошондуктан биз жардам берүү үчүн келдик. Биздин максат – сиздердин коопсуздугуңуздар. Биз сиздердин менчигиңиздерге кол салбайбыз жана чечим кабыл алууга мажбурлабайбыз», – деп белгиледи А. Джунушалиев.

Буга чейин менчик ээлерине МИК аркылуу   жеңилдетилген төлөм менен батир алуу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Ошондой эле мүлктү баалоо, ар бир менчик ээси менен жекече иш алып баруу жана келишимдерди түзүү пландалган.