Бишкек шаарынын мэриясы  жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган, муниципалитет «Сүрөтчүлөр үйү» боюнча токтом долбоорун Бишкек шаарынын Административдик соту аныктама чыгаргандан кийин кайра чакыртып алган деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирет.

Долбоор коомдук талкууга коюлган учурда да, аны күн тартибинен алып салуу маселеси каралып жаткан учурда да мэрия аталган объект боюнча сот тарабынан чектөө чаралары киргизилгендиги тууралуу маалыматка ээ болгон эмес, себеби тиешелүү аныктама 2026-жылдын 30-мартында судья тарабынан тараптардын катышуусуз, бир тараптуу тартипте чыгарылган.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибинен долбоорду алып салуу тууралуу кайрылуу жасаган учурда, сот актысынын көчүрмөсү мэрияга келип түшкөн эмес.

Жогорудагы жагдайлар борбор калаанын башчысы чечимди долбоор боюнча коомдук талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен гана кабыл алганын тастыктайт.

Сүрөтчүлөр союзунун башкармалыгы тарабынан таратылган билдирүүлөр жалган жана жалаа мүнөзүндө. Шаар мэри сот тарабынан токтотулган мыйзамсыз аракеттерди жашырууга аракет кылган деген дооматтар чындыкка дал келбейт. Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамда белгиленген тартипте «Сүрөтчүлөр үйү» объектиси максаттуу багыты боюнча эмес, коммерциялык максатта пайдаланылып келгенин далилдөөнү көздөйт.

Эгерде Сүрөтчүлөр союзу тараткан маалыматтарын төгүндөбөсө, муниципалитет көрсөтүлгөн фактыларга укуктук баа берүү жана өзүнүн укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында укук коргоо органдарына кайрылуу укугун өзүнө калтырат.