2026-жылдын 11-апрелинде Бишкекте балдар искусство мектептеринин окуучуларынын арасында "Ансамбль" категориясында жыл сайын өтүүчү "Жаш таланттар" шаардык сынагы өтөт.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы уюштурат.

Сынак салттуу түрдө таланттуу балдарды аныктоо жана колдоо, окуучулардын аткаруучулук чеберчилигин өнүктүрүү жана жаш муун арасында классикалык музыканы жайылтуу максатын көздөйт.

Сынактын жүрүшүндө шаардын балдар искусство мектептеринин жаш музыканттары катышып, алар фортепиано, скрипка, флейта жана башка классикалык музыкалык аспаптарда ансамблдик аткарууларды көрсөтүшөт.

Угуулар Д.Назарматов атындагы №9 балдар искусство мектебинин концерттик залында өтөт.