Леваневский көчөсү Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ишти "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, Леваневский көчөсү Гагарин көчөсүнөн Айни көчөсүнө чейинки бөлүгү 2025-жылдагы титулдук тизменин планына ылайык, жол жана тротуарлар мурда оңдолгон.

Учурда Айни көчөсү Ахунбаев көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоорго жолдун эки тарабындагы тротуарлар, ошондой эле бир тарабындагы сугат системасы кирет. Участоктун жалпы узундугу 1500 метрди түзөт.