2026-жылдын 7-апрелинде турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү саат 09:00дөн 02:00гө чейин токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- Алыкулов көчөсү - Кустанай көчөсү - Муромск көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Л. Толстой көчөсү - Кока-Кола аймагы;
- Садыгалиев көчөсү - Д. Сяопин проспектиси - П. Лумумбы көчөсү - Волков көчөсү - Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү - ЧЧК - Ленская көчөсү - Космонавттар көчөсү - Коммунаров көчөсү - ЧЧК - Ала-Арча дарыясы - Рыскулов көчөсү - Д. Сяопин проспектиси - Пишпек көчөсү - Джамгырчинов көчөсү - Кайназарова көчөсү - Гатчинский тилкеси - П. Лумумбы көчөсү - Джамгырчинов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.
- "Аскер шаарчасы", "Кызыл Аскер", 110-квартал, "Достук" кичи району.
Өчүрүү "Западный" суу алгычында жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Эскерте кетсек, "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландык жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу эскертмелерди алууга болот.
