Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча ишин улантууда.
Биринчи Май районунун комиссиясы тарабынан 65 арыз жактырылды, ошондой эле 2 арыз тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.
Бул баттагы иштер уланууда.


