Бишкек шаарынын мэриясынын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы «Ордер» маалыматтык системасы ишке киргизилгенин билдирет.

Жаңы «Ордер» системасы шаар аймагында жер казуу иштерине жана башка иш-чараларга ордерлерди тариздөө,  макулдашуу жана эсепке алуу процесстерин санариптештирүү максатында иштелип чыккан. Системаны киргизүү арыздарды кароо мөөнөтүн кыйла кыскартууга, процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга жана адам факторун минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

«Ордер» маалыматтык системасынын жардамы менен  арыздар электрондук форматта тапшырылып,  алардын статусу реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Ошондой эле, керектүү уруксат берүүчү документтерди мамлекеттик органдарга барбастан, онлайн алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

«Ордер» маалыматтык системасынын ишке киргизилиши Бишкек шаарынын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү кезектеги кадам болуп саналат жана бизнес, жарандар үчүн көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.