Майыптыгы бар адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борборунда “Р” тыбышын автоматташтыруу  темасында пландуу ачык логопедиялык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө логопед тарабынан «Р» тыбышын туура айтууну бекемдөөгө багытталган заманбап коррекциялык ыкмалар жана усулдар сабаттуу колдонулду.

Көрсөтмө материалдар, оюн түрүндөгү көнүгүүлөр жана практикалык тапшырмалар пайдаланылып, алар сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана кызмат алуучунун билим берүү процессине активдүү катышуусуна өбөлгө түздү.

Ачык сабактарды өткөрүү адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүп, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, коммуникативдик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жана кызмат алуучулардын ийгиликтүү социалдык адаптациясына колдоо көрсөтүүгө багытталган.