«Адинай» паркында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте, мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында «Адинай» паркына 200 дарак отургузулду.
Андан соң шаар башчысы Фучик атындагы паркта дарак отургузуу ишин улантып, Ленин районунун кызматкерлери жана «Жаштар кыймылы» ыктыярчылары менен бирге дагы 200гө жакын дарак отургузду.
Мындан тышкары, шаардын башка райондорунда да массалык көчөт отургузуу иштери өткөрүлдү. Бүгүнкү ишембилик алкагында жалпы шаар боюнча 740 дарак отургузулду.
Жазгы көчөт отургузуу иштери башталгандан бери борбор калаада 7 600дөн ашык дарак отургузулду.
Эске салсак, 2026-жылы Бишкек шаарынын мэриясы 20 миңден ашык жашыл көчөт отургузууну пландап жатат.







































