2026-жылдын 3-апрелинде Бишкек шаарынын билим берүү департаменти жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору менен мектептин ишин уюштуруу жана алардын ишин жакшыртууга байланыштуу негизги маселелерди талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү.

"Бир окуучу – бир көчөт"  жыл сайын өтүүчү улуттук өнөктүккө даярдык көрүүгө жана "Жашыл мурас" улуттук демилгесин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мектеп жетекчилерине «Мыкты жашыл короо» сынагына активдүү катышуу, билим берүү мекемелеринин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү сунушталды.

Мектептин коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө басым жасалды. Директорлорго эвакуация пландары жана өрт коопсуздугу чаралары сыяктуу бардык зарыл документтердин болушун камсыз кылуу жана имараттарга шашылыш кызматтардын тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу тапшырылды.

Коопсуздук кызматкерлеринин окуучуларга туура жана сый мамиле кылуусунун маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Мектептеги тамак-ашты уюштуруу маселелери күн тартибинде каралып, өзгөчө көзөмөлдө экени айтылды

Мындан тышкары, окуу жылынын аякташын утурлап, мектеп директорлоруна коррупцияга каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы өзгөчө эскертилди.

Жыйындын жыйынтыгында мектеп директорлоруна билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга, коопсуздукту камсыз кылууга жана окуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.