2026-жылдын 3–4-апрель күндөрү «Дельфин» ОРАБӨМдүн бассейнинде «Веселые старты» аттуу XVIII салттуу республикалык балдар арасындагы сууда сүзүү мелдешинин II этабы өтүп жатат.
Иш-чаранын уюштуруучулары — «Дельфин» ОРАБӨМ жана Кыргыз Республикасынын Суу спорт түрлөрү федерациясы. Мелдешти түздөн-түз өткөрүүнү калыстар тобу камсыз кылууда.
Мелдештин максаты - сууда сүзүүнү спорттун бир түрү катары кеңири жайылтуу, балдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле жаш спортчуларга мелдештик тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүү. Ошондой эле келечектүү жана таланттуу жаш сүзүүчүлөрдү аныктап, өспүрүмдөр курама командаларын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Мелдешке Бишкек, Кара-Балта, Ош, Токмок шаарларынан, ошондой эле Ысык-Көл облусунан жана КМШ өлкөлөрүнөн келген спорт мектептеринин жана клубдардын командалары катышууда. Мелдештер жеке эсепте өткөрүлөт.
Бул иш-чара жаш сүзүүчүлөрдү бириктирген, борбор калаада балдар спортун өнүктүрүүгө салым кошкон спорттук мелдеш болот деп күтүлүүдө.




