Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Демонтаждоо иштери аяктагандан кийин негизги этап — фонтан комплексин реконструкциялоо иштерин баштоо пландалууда.

Долбоорго ылайык, конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат, ошондой эле айланасындагы аймакка көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурдагы долбоордун алкагында объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик тармактар алмаштырылат.

Бул иштер шаардык инфраструктураны жаңылоо жана реконструкциялоо долбоордун алкагында ишке ашырылып, борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.