2026-жылдын 4-апрелинде 48 жаш курагында Соодонбеков Искендер Маратбекович дүйнөдөн кайтты.
Искендер Соодонбеков 1978-жылдын 16-мартында Нарын облусунун Нарын шаарында төрөлгөн.
2025-жылдын февраль айынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.
Өзүнүн эмгек жолунда ал мамлекеттик органдарда иштеп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, ошондой эле Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде жооптуу кызматтарды аркалаган.
Искендер Соодонбеков кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана жогорку адамдык сапаттары менен кесиптештеринин арасында терең урматтоого ээ болгон.
Анын жаркын элеси аны тааныган адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.