Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте "Бишкек шаарынын 4-кичи районунун 14/2 дарегиндеги теннис комплексин реконструкциялоо жана жеңил конструкцияларды куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо боюнча конкурс  жарыялайт жана  бардык кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.

Долбоор заманбап спорттук инфраструктуранын стандарттарына жооп берген жабык жыл бою иштей турган теннис комплексин реконструкциялоого жана курууга, дене тарбия жана спорт мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүүгө багытталган. Бул шаардын спорт борбору катары имиджин жогорулатат.

Сынакка катышуу үчүн арыз формасын төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://docs.google.com/document/d/19-dd8JQLYjAK-eB9OHcoyXoLnLIDIAnR/edit?usp=sharing&ouid=105564853597665327012&rtpof=true&sd=true

Сынакка катышуу үчүн арыз салынган конвертти тиркелген документтер менен бирге төмөнкү дарекке тапшырса болот:   Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, Жибек-Жолу проспектиси, 328, же болбосо курьердик кызмат аркылуу почта аркылуу 2026-жылдын 13-майы саат 18:00дөн кечиктирбестен (майрам күндөрүн кошо алганда) тапшырса болот.

Долбоор боюнча суроолоруңуз болсо, Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментине  0700-720-730 телефону аркылуу же МЖӨ борборуна 30 01 76 телефону аркылуу кайрылыңыз болот.