2026-жылдын 4–5-апрель күндөрү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КМДТжСА) 2011–2013-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында тег-регби боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү.
Мелдешке болжол менен 70ке жакын спортчу катышты.
Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — «Жаңы-Жер»;
2-орун — «Жаңы Пахта»;
3-орун — «Восток»;
4-орун — СДЮСШОР ТА «Light Academy»;
5-орун — СДЮСШОР ТА «Илим»;
6-орун — «Жаңы Пахта-2».
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.
Чемпионаттын уюштуруучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Кыргыз Республикасынын регби федерациясы менен биргеликте чыкты.


