А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 2026-жылдын 25-мартынан 12-апрелине чейин Бишкектеги Француз альянсы тарабынан уюштурулган «Франкофония жазы» эл аралык маданий фестивалына катышууда.
Фестивалдын программасы француз тилин жана франкофон маданияттарынын бай мурасын даңазалоого багытталган билим берүүчү, маданий жана көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт. 2026-жылдагы фестивалдын темасы — «Аялдар жана Франкофония».
Иш-чаралар Франциянын, Швейцариянын элчиликтеринин, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн, ошондой эле Казакстандагы Бельгия жана Румыния элчиликтеринин колдоосу менен жана Кыргызстандагы 20га жакын өнөктөш уюмдардын катышуусунда өтүүдө.
11 жана 12-апрелде саат 19:00дө театрдын сахнасында Нина Мазурдын пьесасынын негизинде «Мен – Эдит Пиаф» аттуу спектакль-монолог көрсөтүлөт. Бул коюу улуу француз ырчысы Эдит Пиафтын өмүрү, сүйүүсү жана тагдыры тууралуу трагедиялык окуяны баяндайт. Ал Париж шаарынын көчөлөрүндө төрөлүп, чыгармачылык жолун ошол жерден баштаган.
Спектакль орус актёру Александр Панин тарабынан сахналаштырылып, башкы ролду театрдын актрисасы Накинай Дыйканова аткарат. Сценография жана костюмдар боюнча сүрөтчү — Зухра Мукамбетова, ал эми хореограф — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Сергей Стрельцов.




