2026-жылдын 5-март күнү Бишкек шаарындагы Кара жыгач токоюнда таяк менен жүрүү (скандинавиялык жүрүш) боюнча ачык шаардык чемпионат болуп өттү.
Мелдешке ар түрдүү курактагы, сергек жашоо образын карманган 90го жакын спортчу катышты.
Чемпионат 5 чакырым аралыкта өткөрүлдү. Мелдештер эркектер жана аялдар арасында жеке эсепте уюштурулуп, абсолюттук категорияда жана жаш өзгөчөлүктөрү боюнча топтордо өттү: 18–39, 40–49, 50–59, 60–69 жана 70 жаштан жогору.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери аралыкты өтүү убактысынын жыйынтыгы боюнча, эл аралык эрежелерге ылайык айып упайларын эске алуу менен аныкталды. Аралыкты толук басып өткөн катышуучулар финишер медалдары менен сыйланышты.
Жыйынтыктарды так аныктоо үчүн SFR электрондук хронометраж системасы колдонулду.
Абсолюттук эсептеги жеңүүчүлөр кубоктор менен сыйланса, байге ээлерине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан кошумча сыйлыктар каралган.
Иш-чаранын уюштуруучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана Кыргыз Республикасынын спорттук туризм федерациясы өнөктөш уюмдардын колдоосу менен чыкты.
Мындай иш-чараларды өткөрүү массалык спортту жайылтууга, сергек жашоо образын пропагандалоого жана калктын дене тарбия активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.








