Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу А. Айталиев атындагы №1 балдар искусство мектебинин окуучулары, «Адажио» хореографиялык ансамблинин катышуучулары XIV Эл аралык «Firework of Stars» хореографиялык искусство сынагында ийгиликтүү катышышты. Сынак 2026-жылдын 5-апрелинде Алматы шаарында өткөрүлдү.

Бул сынак Казакстандын ар кайсы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген таланттуу бийчилерди бириктирип, жаз мезгилинин эң жаркын маданий окуяларынын бири болуп калды.

Жаш бийчи кыздар өз мектебин татыктуу деңгээлде көрсөтүп, жогорку даярдыгын, сахналык маданиятын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн далилдей алышты. Жыйынтыгында «Адажио» ансамбли үч биринчи орунду багындырды.

Бул жетишкендик жаш бийчилер үчүн чоң тажрыйба болуп, башка коллективдер менен тажрыйба алмашууга жана жаңы чыгармачылык идеяларга шыктанууга мүмкүнчүлүк түздү.