Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки тилкесинде жол куруу иштери жүрүп жатат.
Азыркы учурда «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Көчөнү жаңылоо борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган.




