2026-жылдын 4–15-апрель күндөрү Бишкек шаарында таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты (IPCA) өтүүдө.
6-апрелде чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи болуп, ага ардактуу коноктор: Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы шахмат жана шашка федерациясынын президенти Эрмек Мукашев катышты.
Мелдеш FIDE (Дүйнөлүк шахмат федерациясы), ACF (Азия шахмат федерациясы) жана IPCA (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык шахмат ассоциациясы) тарабынан колдоого алынууда.
Чемпионатка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан 25ке жакын шахматчы катышууда.
Мелдештер үч форматта өтөт: классикалык шахмат, рапид жана блиц. Турнир 9 турдан турган швейцариялык система боюнча уюштурулган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
Программанын алкагында маданий иш-чаралар да каралган — 9-апрелде катышуучулар «Ала-Арча» улуттук паркына барышат.
Бул чемпионат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында интеллектуалдык спортту өнүктүрүүгө, алардын коомдук турмушка активдүү катышуусун колдоого жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.













