Спорттук жекеме-жеке күрөш түрлөрү боюнча спорттук мектептин тарбиялануучусу Ихтияр Нишонов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Ahmet Cömert» аттуу эл аралык бокс турниринин жеңүүчүсү болду.

Ихтияр 70 кг салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште Австралиянын өкүлү Уильям Млачичти жеңди.

Ал турнирди 1/8 финалдан баштап, андан ары Азербайжан, Түркия жана Германиядан келген спортчуларды удаасы менен утуп финалга чыккан.