Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментине караштуу Ленин райондук администрациясынын спорт боюнча инструкторлору №22 атайын мектептин окуучулары үчүн жаратылышта эс алуу иш-чарасын уюштурушту. Иш-чаранын алкагында атка минүү каралды.
Иш-чара балдардын ден соолугуна оң таасир тийгизүү, алардын физикалык жана эмоционалдык абалын чыңдоо, өсүүсүнө жана маанайына жакшы таасир берүү максатында өткөрүлдү. Программага жалпысынан 250гө жакын окуучу катышты.
Мындан ары да балдардын ден соолугун колдоо жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү максатында ушундай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.
№22 атайын мектептин администрациясы департаменттин спорт инструкторлоруна демилгеси жана балдарга көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.




