Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протоколдук тапшырмасын аткаруунун алкагында коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик квитанцияларга өтүү маселелери боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Кеңешмени Бишкек шаарынын мэринин турак жай коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары  Рамиз Алиев жетектеди.

Жыйынга шаардык коммуналдык кызматтардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын, «Түндүк» ММнын, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын жана «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Кызматтардын маалымат базаларын интеграциялоо жана бириктирүү, бирдиктүү төлөм документин түзүү, биллинг системасын өнүктүрүү жана толугу менен санариптик форматка өтүү маселелери талкууланды.

Эске салсак, Бишкекте санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналган бирдиктүү дүмүрчөк иштеп жатат.

Жыйындын жыйынтыгында кагаз дүмүрчөктөрдөн  баш тартуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн санариптик дүмүрчөктөрдү  киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.