Бишкек шаарынын күнүн майрамдоонун алкагында, 2026-жылдын 29-апрелинде Ала-Тоо аянтында жаркын маданий иш-чара – «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» өтөт.

Бул иш-чара бий сүйүүчүлөрүн, классикалык музыканы баалагандарды жана жаздын кооз кечин назиктик менен шыктануунун атмосферасында өткөрүүнү каалаган бардык жарандарды бириктирет.

«ВАЛЬС КЕЧЕСИ» – бул өз өнөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк гана эмес, жандуу музыка, көркөм кыймылдар жана унутулгус сезимдер менен коштолгон чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга мыкты шарт.

Белгилей кетсек, иш-чарага катышуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылуу зарыл: 0312 510 178 жана 0997 11 08 95 (WhatsApp).

Вальстын керемет дүйнөсүнө катышып, жаздын эң кооз иш-чараларынын бирине күбө болуңуз!