Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында шаардын эс алуу парктарында жана соода-оюн-зоок борборлорунда аттракциондордун иштөөсүнө байланышкан маселелер боюнча жыйын болуп өттү.

Иш-чарага райондук муниципалдык администрация башчыларынын орун басарлары, КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек ШИИББинин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, ошондой эле КРдин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аттракциондордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа саясаты, коопсуздук талаптарынын сакталышы, жабдуулардын техникалык абалы жана көңүл ачуучу жайлардын ишине көзөмөлдү күчөтүү маселелери каралды.

Ошондой эле жайкы мезгилге даярдыкка, анын ичинде балдардын коопсуздугун камсыз кылууга жана эс алуу, көңүл ачуу аймактарынын жалпы абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, шаардын аймагында 6 парк иштеп жатат, дагы 2 парк реконструкциялоо стадиясында, ошондой эле соода-оюн-зоок борборлорунда 10 балдар аянтчасы бар.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтарга аттракциондордун ээлери менен бааларды негизсиз көтөрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, башаламан сооданы токтотуу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле коомдук тамактануучу жайларды текшерүү тапшырылды.

Бишкек ШИИББине авариялык кырдаалдарды алдын алуу максатында “паровозиктерди” пайдаланууну жөнгө салуу, ошондой эле батуттарды мыйзамсыз пайдаланууну болтурбоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, майыптыгы бар балдар үчүн балдар аянтчаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин, анын ичинде жеңилдетилген шарттарды же атайын баруу күндөрүн киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдети коюлду.