Бишкек шаарында 2026-жылдын 31-мартынан 30-апрелине чейин экологиялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана жаштарды актуалдуу экологиялык маселелерди чечүүгө тартууга багытталган салттуу Экологиялык кубок өтүүдө.

Быйыл мелдешке ар бири 7 адамдан турган 27 команда катышууда. Жалпы катышуучулардын саны 189 адамды түзөт. Алар - шаардагы жалпы билим берүүчү мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары.

Программанын алкагында 7-апрелде катышуучулар үчүн Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү ишканага таанышуу экскурсиясы уюштурулду. Ага командалардын өкүлдөрү жана коштоп жүргөн мугалимдерден турган болжол менен 30 адам катышты.

Экологиялык кубоктун уюштуруучулары  Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети.

Иш-чаранын негизги максаты - жаштарды экология тармагындагы изилдөө жана практикалык иштерге тартуу, кесиптик компетенциялын өнүктүрүү, экологиялык маданиятты калыптандыруу, ошондой эле шаардагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттерди күчөтүү.

Кубоктун программасына бир нече сынак этаптары кирет: экологиялык долбоорлорду коргоо, интеллектуалдык оюн, «Экобатл» экологиялык акциясы, «Көк Арча» аттуу видеороликтер сынагы, ошондой эле илимий макалаларды даярдоо.

Катышуучулардын долбоорлору шаардагы транспорт жана калдыктар, альтернативдүү энергия, экологиялык коопсуздук, шаар чөйрөсүн жана туризмди өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу темаларды камтыйт.

«Экобатл» экологиялык акциясынын алкагында командалар аймактарды тазалоо боюнча иш-чараларды өз алдынча өткөрүп, анын жыйынтыгын фото жана видео аркылуу катташат.

Жыйынтыктоочу иш-чаралар онлайн-платформаларды колдонуу менен аралаш форматта өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр бардык сынак этаптарынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Экологиялык кубокту өткөрүү жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, экологиялык жоопкерчилигин өнүктүрүүгө жана туруктуу өнүгүү идеяларын жайылтууга багытталган.